# 118-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу жаза-чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 181 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=25021..35618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 118-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-118

---

1. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузганы үчүн соттолгондорго карата төмөнкүдөй жаза-чаралары колдонулушу мүмкүн:

1) сөгүш;

2) он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө дисциплинардык айып;

3) түзөтүү абактарында кармалган соттолгондорду айыптык изоляторго он беш суткага чейин отургузуу;

4) соттолгон эркектерди - жалпы жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарында кармалган, жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучуларды камералык типтеги жайга, ал эми өзгөчө тартиптеги абактарда - алты айга чейинки мөөнөткө жеке камераларга которуу;

5) соттолгон аялдарды - жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуучуларды үч айга чейинки мөөнөткө камералык типтеги жайга которуу;

6) кезектеги узак же кыска мөөнөттүү жолугушуудан ажыратуу, бирок жылына үч узак же алты кыска мөөнөттүү жолугушуудан көп эмес.

2. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Соттолгондорго - тартипти кыянаттык менен бузуучуларга карата ушул Кодекстин 80-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-119)
