# 117-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чараларын колдонуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 117-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-117

---

1. Соттолгондорго карата сыйлоо түзөтүү мекемесинин начальнигинин жазуу жүзүндөгү жүйөлөнгөн токтому же буйругу менен колдонулат.

2. Соттолгондорго сыйлык иретинде жыл ичинде үчкө чейинки кыска мөөнөттүү жана эки жолку узак мөөнөттүү жолугушуу кошумча берилиши мүмкүн.

3. Алынбаган же жоюлбаган жаза-чарасы бар соттолгондорго мурда салынган жаза-чараны алып салуу түрүндө гана сыйлоо колдонулат.

4. Мурда салынган жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоого төмөнкүдөй жол берилет:

1) ушул Кодекстин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чаралары салынган күндөн тартып үч айдан кийин;

2) ушул Кодекстин 118-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3, 4 жана 5-пункттарында көрсөтүлгөн жаза-чараларды өтөгөн күндөн тартып алты айдан эрте эмес.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-118)
