# 116-берене. Соттолгондорго карата колдонулуучу сыйлоо чаралары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 116-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-116

---

1. Жакшы жүрүш-турушу, эмгекке, окууга ак ниет мамиле кылганы, жасаган кылмышы менен келтирилген залалдын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүшү, ыктыярдуу уюмдардын ишине жана тарбиялык иш-чараларга, реабилитациялык, көнүктүрүү жана башка программаларга активдүү катышканы үчүн соттолгондорго карата төмөнкүдөй сыйлоо чаралары колдонулат:

1) алкыш жарыялоо;

2) грамота менен сыйлоо;

3) белек менен сыйлоо;

4) акчалай сыйлык берүү;

5) телефон аркылуу кошумча сүйлөшүүгө уруксат берүү;

6) кошумча түрдө кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү жолугушуу берүү;

7) мурда берилген жаза-чараны мөөнөтүнөн мурда алып салуу.

2. Жазасын жалпы, күчөтүлгөн жана өзгөчө тартиптеги абактарда өтөп жаткан соттолгондор сыйлоо тартибинде ушул Кодекстин 124, 126, 129, 130, 132-беренелеринде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн мурда кармоонун жеңилдетилген шарттарына которулушу мүмкүн.

3. Жакшы мүнөздөлгөн соттолгондорго карата ушул Кодекстин 80-статьясынын 2-бөлүгүндө каралган чаралар да колдонулушу мүмкүн.

4. Соттолгондордун коомго интеграцияланышына түрткү болгон, ошондой эле жасаган кылмышы менен зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көргөн түзөтүүдө жана кайра социалдаштырууда жакшы натыйжаларга жетишкен соттолгондорго карата ушул Кодекстин 160-беренесинде белгиленген тартипте сотко шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуштама жиберилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-117)
