# 114-берене. Жабырлануучулар менен жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 114-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-114

---

1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун жабырлануучулар менен жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча иштер уюштурулат.

2. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн соттолгон түзөтүү мекемесинин администрациясына тиешелүү арыз берет, ал медиаторду дайындоо жөнүндө өтүнмөнү үч күндүк мөөнөттүн ичинде тиешелүү органга жиберүүгө милдеттүү.

3. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүнүн жүрүшүндө медиатор:

1) жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүгө макулдук үчүн тараптарга кайрылат;

2) ар бир тарап менен алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

3) жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүгө тараптардын макулдугун алуу жөнүндө түзөтүү мекемесинин администрациясына кабарландырат;

4) түзөтүү мекемеси тарабынан берилген материалдар менен таанылат;

5) жарашуу процессин уюштурат жана башкарат.

4. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартиби медиация жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-115)
