# 113-берене. Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 января 2025 года № 2 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020386)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=14117..25021>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 113-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-113

---

1. Түзөтүү мекемелеринде отуз жашка толо элек соттолгондорго милдеттүү негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү уюштурулат. Отуз жаштан өткөн жана I жана II топтогу майып соттолгондор негизги жалпы жана жаппы орто билимди өздөрүнүн каалоосу боюнча алышат.

Түзөтүү мекемелеринде негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусу мүмкүн болбогондо, соттолгондор ушундай мүмкүндүгү бар ошол эле режимдеги түзөтүү мекемелерине которулат.

2. Окугандар экзамендерди тапшыруу үчүн эмгек мыйзамдарына ылайык жумуштан бошотулат.

3. Соттолгондордун билим алууга умтулуусу түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан сыйланат жана алардын түзөлүү деңгээлин аныктоодо эске алынат.

4. Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу жазасын өтөп жаткан соттолгондор негизги жалпы жана жалпы орто билим берүүгө тартылбайт. Аларга жаза өтөөнүн тартибине жана шарттарына карама-каршы келбегендей өз алдынча билим алууга шарттар түзүлөт.

5. Жалпы билим берүүчү мекемелердин педагогикалык жамааттары соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүдө түзөтүү мекемесинин администрациясына жардам көрсөтөт.

6. Соттолгондордун негизги жалпы жана жалпы орто билим алуусун уюштуруу, жаза аткаруу системасында билим берүү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-114)
