# 111-берене. Соттолгондорду социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштер жана психологиялык иштер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 111-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-111

---

1. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун керектөөсүнө ылайык жекече тартипте социалдык жактан көнүктүрүү боюнча иштерди жака алар менен психологиялык иштерди өткөрөт.

2. Соттолгондор менен социалдык жактан көнүктүрүү ишинин жана психологиялык иштин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн табуу жана чечүү, аларга дифференциацияланган социалдык жардам көрсөтүү;

2) социалдык-маданий жактан өнүгүшүнө жардам көрсөтүү;

3) аларды социалдык жактан коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;

4) ушул Кодекс менен белгиленген жаза өтөөнүн социалдык турмуш-тиричиликтик шарттарын камсыз кылуу;

5) соттолгондордун социалдык жактан пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшүү;

6) түзөтүү мекемелеринен бошотулгандан кийин эмгекке жана турмуш-тиричиликтик жайгаштырууга көмөктөшүү;

7) соттолгондун инсандыгын, анын социалдык жана пенсиялык камсыз болууга укугун ырастоочу документтерди алуу;

8) коомчулукту соттолгондордун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө тартуу.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарда белгиленген өздөрүнүн компетенциясынын алкагында соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде түзөтүү мекемесинин администрациясына көмөк көрсөтөт.

Соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзөтүү мекемелеринин администрациялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-112)
