# 110-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүүнүн негизги багыттары, формалары жана усулдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 110-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-110

---

1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүүнүн негизги багыттары аларды түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга өбөлгө болуучу адеп-ахлактык, укуктук, эмгектик, патриоттук, дене тарбиялык жана башка таасир көрсөтүү болуп саналат.

2. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү түзөтүү мекемесинин түрүн, жазанын мөөнөтүн, кармоонун шарттарын эске алуу менен, дифференцияланган түрдө уюштурулат.

3. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү психологиялык-педагогикалык усулдарды колдонуу менен жекече, топтук жана массалык формада жүзөгө ашырылат.

4. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү уюштуруу үчүн түзөтүү мекемелеринде Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык материалдык-техникалык база түзүлөт.

5. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү процессинде жалпыга маалымдоо каражаттары колдонулат, китепкана иши уюштурулат. Айыптык изоляторлордо, камералык типтеги жайларда, жеке камераларда жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында видео- жана кинофильмдерди көрсөтүүгө жана телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө тыюу салынат.

6. Ыктыярдуу башталышта тарбиялык таасир көрсөтүүгө коомдук жана кайрымдуулук уюмдары, соттолгондордун туугандары жана алардын жүрүш-турушуна жакшы таасир эткен башка адамдар тартылат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-111)
