# 11-берене. Соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 11-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-11

---

1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу процессинде соттолгондор жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, диний ынанымдары, курагы, саясий же башка көз караштары, билими, ата-теги, мүлктүк же башка абалы, жарандыгы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланууга кириптер кылынбайт.

2. Соттолгондордун мыйзам алдында теңдиги алардын курагына, жынысына, жазасын жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө мезгилинде жүрүш-турушуна жараша жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын өтөө тартибин жана шарттарын аныктоого, башка жагдайлар менен тете эле, дифференциалдык мамиле кылууну четке чыгарбайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-12)
