# 109-берене. Тарбиялык таасир көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 109-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-109

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү төмөнкүлөргө багытталган:

1) соттолгондорду түзөтүүгө жана кайра социалдаштырууга;

2) соттолгондордо коомдук пайдалуу иш менен иштөөгө умтулууну, эмгекке ак ниет мамиле кылууну, мыйзамдардын талаптарын жана коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун башка эрежелерин сактоону калыптандырууга жана бекемдөөгө;

3) билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга;

4) үй-бүлөлүк баалуулуктарды баалай билүүгө үйрөтүүгө;

5) жасалган кылмыштын укукка каршы экенин түшүндүрүүгө жана кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүүгө;

6) реабилитациялык программаларга катыштырууга.

2. Соттолгондордун өткөрүлүп жаткан тарбиялык иш-чараларга катышуусу алардын түзөлүү даражасын аныктоодо, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана жаза-чараларын колдонууда эске алынат.

3. Түзөтүү мекемесинин күн тартибинде тарбиялык иш-чаралар каралат, аларга катышуу соттолгондор үчүн милдеттүү.

4. Соттолгондорго тарбиялык таасир көрсөтүү алардын инсандык жекече өзгөчөлүктөрүн, соттолгондордун мүнөзүн жана алар жасаган кылмыштардын жагдайларын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-110)
