# 107-берене. Соттолгондордун эмгек акысынан жана башка кирешелеринен кармап калуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 107-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-107

---

1. Соттолгондордун эмгек акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен аткаруу документтери боюнча суммаларды кармап калуулар мыйзамдарда каралган тартипте, 50 пайыздан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт, ал эми калган сумма соттолгондордун жеке эсебине кошуп эсептелет.

2. Пенсиялык куракка жеткен соттолгондордон, I жана II топтогу майыптардан, балдардан, кош бойлуулардан, түзөтүү мекемесинин балдар үйлөрүндө балдары бар аялдардан кармап калуулар эмгек акысынан, пенсиясынан же башка кирешелеринен 25 пайыздан көп эмес өлчөмдө жүргүзүлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-108)
