# 106-берене. Соттолгондорду эмгек акы төлөбөгөн жумуштарга тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-106>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-106.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 106-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-106

---

1. Соттолгондор төмөнкү жумуштарга гана эмгегине акы төлөбөстөн тартылышы мүмкүн:

1) камераларды, бөлмөлөрдү жана жалпы пайдалануудагы жайларды ыңгайлаштыруу боюнча;

2) негизги тосмодо жана тыюу салынган ички зонанын чегинен тышкары жерлерде жайгашкан көзөмөлдөөнүн, контролдоонун жана кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарынын объекттерин кошпогондо, мекеменин аймагын жана ага жанаша жаткан аймактарды ыңгайлаштыруу боюнча;

3) маданий турмуш-тиричиликтик жана санитардык-гигиеналык жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча.

2. Бул жумуштарга соттолгондор жумуштан тышкары убакытта кезектүүлүк тартибинде жана узактыгы жумасына жети сааттан ашык эмес мезгилге тартылат.

3. Ооругандарды кошпогондо, соттолгондордун ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруудан баш тартуусу ушул Кодексте каралган жаза-чараларын колдонууга алып келет.

---

Мурунку берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-105)  
Кийинки берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-107)
