# 101-берене. Соттолгондорду медициналык-санитардык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 101-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-101

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык-санитардык жардам жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле жаза өтөө тартибине жана шарттарына ылайык уюштурулат жана берилет.

Эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн, санитардык көзөмөлдөөнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, саламаттык сактоо органдарынын мекемелерин пайдалануунун жана алардын медициналык кызматкерлерин тартуунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Соттолгондорду медициналык жактан тейлөө үчүн дарылоо түзөтүү мекемелери (ооруканалар, атайын ооруканалар), анын ичинде аралаш түрдөгү режимдери бар мекемелер, ошондой эле медициналык бөлүктөр уюштурулат.

3. Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун саламаттыгын коргоону камсыз кылуучу белгиленген санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Соттолгондун өмүрүнө коркунуч келип чыкканда ал тамак ичүүдөн баш тарткан учурда, медициналык кийлигишүү жол-жоболорун мажбурлап жүргүзүүгө жол берилет.

5. Соттолгондор өздүк жана жалпы гигиена эрежелерин, санитариянын талаптарын сактоого милдеттүү.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-102)
