# 100-берене. Кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана баласы бар аялдарды материалдык турмуш-тиричиликтик жактан камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 100-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-100

---

1. Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл учурда балдар үйлөрү уюштурулат. Балдар үйлөрүндө балдардын жакшы өсүшү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат. Соттолгон аялдар балдар үйлөрүнө өздөрүнүн үч жашка чейинки курактагы балдарын жайгаштырышы, алар менен жумуштан бош убагында чектөөсүз чогуу болушу мүмкүн. Аларга баласы менен чогуу жашоого уруксат берилиши мүмкүн.

2. Соттолгон аялдардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен балдар жубайына, туугандарына же көзөмөлдүк жана камкордук органдарынын чечими боюнча башка адамдарга берилет же болбосо алар үч жашка чыкканы боюнча тиешелүү балдар мекемелерине жиберилет.

3. Эгерде түзөтүү мекемесинин балдар үйүндө багылган бала үч жашка чыкса, ал эми энесинин бошошуна чейин бир жылдан аз убакыт калса жана ал баланын балдар үйүндө болушун узартуу жөнүндө өтүнмө берсе, түзөтүү мекемесинин администрациясы баланын балдар үйүндө болуу убактысын энесинин жаза өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин узартат.

4. Кош бойлуу аялдар, аялдар төрөгөн убакта жана төрөттөн кийинки мезгилде адистештирилген медициналык жардамга укугу бар.

5. Соттолгон аялдардын балдары жашап турушу үчүн уюштурулган балдар үйлөрү мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-101)
