# 10-берене. Коомчулуктун катышуу принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 10-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-10

---

1. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын иши мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташуунун, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка түзүмдөрү менен ачык-айкындуулуктун жана өз ара аракеттенүүнүн, жаза аткаруу мыйзамдарын өркүндөтүү маселелери боюнча коомдук ой-пикирди эске алуунун, жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишин коомдук контролдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Соттолгондорго түзөтүү жана кайра социалдаштыруу каражаттарын колдонуу алардын жакын туугандарынын жана аларга он таасир көрсөтө ала турган башка адамдардын катышуусунда, алардын пайдалуу демилгелерин, өз алдынча башкаруу элементтерин өнүктүрүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-11)
