# 1-берене. Жаза аткаруу мыйзамдары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 1-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-1

---

1. Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция), жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына негизденет.

2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери жаза аткаруу мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналат.

3. Эл аралык уюмдардын жазаларды аткаруу жана соттолгондорго мамиле кылуу маселелери боюнча сунуштамалары (декларациялары) зарыл социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөр болгондо жаза аткаруу мыйзамдарында ишке ашырылат.

4. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын белгилөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар менен, эгерде мыйзамда мындайлар каралбаса, соттолгондордун укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөө белгилениши мүмкүн эмес.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-2)
