# 97-берене. Конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлктү конфискациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 97-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-97

---

1. Эгерде ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлккө кирген белгилүү бир предметти конфискациялоо, сот бул предметти конфискациялоо тууралуу чечим кабыл алган учурда, аны пайдалануу, сатуу же башка себептердин айынан алып коюуга мүмкүн болбосо, анда сот бул предметтин наркына туура келген акчалай сумманы конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.

2. Конфискацияланууга жаткан ушул Кодекстин 96-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн мүлккө кирген предметтин ордуна берилүүчү акча каражаттары болбогон, же болбосо жетишсиз болгон учурда, сот конфискацияланууга жаткан предметтин наркына туура келген, же болбосо мыйзамдарга ылайык өндүрүп алуу колдонулбай турган мүлктөрдү кошпогондо, бул предметтин наркына салыштырмалуу келген нарктагы башка мүлктү конфискациялоо жөнүндө чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-98)
