96-берене. Мүлктү конфискациялоо (алып коюу)
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Мүлктү конфискациялоо (алып коюу) (мындан ары - конфискация) - айыптоочу өкүмдүн негизинде төмөнкүдөй мүлктөрдү соңунда мамлекеттин менчигине айландыруу үчүн кайтарымсыз алып коюу:
1) кылмыш жасоонун натыйжасында алынган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;
2) кылмыш жасоону каржылоо үчүн пайдаланылган же багышталган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;
3) кылмыш жасоонун натыйжасында алынган мүлк, ал мүлктөн түшкөн кирешелерди жарым-жартылай же толугу менен айландырылган же кайра өзгөртүлгөн акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү;
4) кылмыш жасоонун куралдарын, жабдууларын же башка каражаттарын.
2. Эгерде кылмыш жасоонун натыйжасында алынган мүлк жана (же) ал мүлктөн түшкөн кирешелер мыйзамдуу жол менен алынган мүлккө кошулса, кошулган мүлктүн жана андан түшкөн кирешенин наркына туура келген мүлктүн бөлүгү конфискацияланууга (алып коюлууга) тийиш.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн, кылмыш жасаган адам тарабынан башка адамга (уюмга) өткөрүп берилген мүлк, эгерде мүлктү кабыл алган адам ал кылмыштуу аракеттердин натыйжасында алынгандыгын билсе же иштин жагдайлары боюнча билүүгө тийиш болсо, конфискацияланууга (алып коюлууга) жатат. Мүлк, соттун чечими боюнча коопсуздук чарасы катары, менчик ээсинен конфискацияланышы мүмкүн.
4. Конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруу же жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-96" title="96-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>