# 94-берене. Соттолгондук жана аны жоюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 94-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-94

---

1. Кылмыш жасаган адам жазаны өтөгөндөн кийин соттолгондугу жок, ал эми соттолгондугу жоюлган деп төмөнкүдөй мезгил өткөндө эсептелинет:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;

2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;

3) он беш жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.

2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотулган адамдардын соттолгондугу пробациялык мөөнөт ийгиликтүү аяктаган күнү жоюлат.

Эскертүү. Пробациялык мөөнөттүн ийгиликтүү аяктоосу болуп соттолгондун сот жана пробация органы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруусу саналат.

3. Соттолгондордун жана соттолгондугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Соттолгондукту жоюу кылмыш жасоонун бардык жазык-укуктук кесепеттерин жоёт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-95)
