94-берене. Соттолгондук жана аны жоюу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Кылмыш жасаган адам жазаны өтөгөндөн кийин соттолгондугу жок, ал эми соттолгондугу жоюлган деп төмөнкүдөй мезгил өткөндө эсептелинет:
1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;
2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;
3) он беш жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.
2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотулган адамдардын соттолгондугу пробациялык мөөнөт ийгиликтүү аяктаган күнү жоюлат.
Эскертүү. Пробациялык мөөнөттүн ийгиликтүү аяктоосу болуп соттолгондун сот жана пробация органы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруусу саналат.
3. Соттолгондордун жана соттолгондугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4. Соттолгондукту жоюу кылмыш жасоонун бардык жазык-укуктук кесепеттерин жоёт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
94-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>