# 93-берене. Ырайым кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 93-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-93

---

1. Жеке аныкталган соттолгонго карата ырайым кылууну Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Ырайым кылуу жөнүндө акт аркылуу соттолгонго сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза берилген же жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурларда кошпогондо, сот тарабынан дайындалган өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жыйырма жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы, ошондой эле белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жеңилдетилиши мүмкүн

3. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирери менен соттолгон ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго ырайым кылуу жөнүндө кайталап расмий өтүнүч менен кайрылуусу, эгерде жаңы көңүлгө алуучу жагдайлар жок болсо, он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгонго сот тарабынан дайындалган жазанын жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-94)
