# 92-берене. Айыптоо өкүмүн аткаруунун эскириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 92-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-92

---

1. Эгерде мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү төмөнкүдөй мөөнөттөрдө аткарылбаса, соттолгон адам негизги жазалар сыяктуу эле, кошумча жазаларды өтөөдөн бошотулат:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондо;

2) беш жыл - оор кылмыш үчүн соттолгондо;

3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондо.

2. Эскирүү мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептеп чыгарылат.

3. Эгерде жазаны өтөөдөн качкан соттолгон адам ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган мөөнөт өткөнгө чейин жаңы кылмыш жасаса, эскирүү мөөнөтүнүн өтүүсү токтотула турат.

4. Жаңы кылмыш жасалган учурда эскирүү мөөнөтүнүн эсептеп чыгарылышы ал жасалган учурдан тартып башталат, жазаны өтөөдөн качкан учурда - жазаны өтөөдөн качкан адамды кармаган учурдан тартып башталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөттө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат.

6. Тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштарды, же болбосо аскердик кылмыштарды, жашы жетелектерге карата жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштарды, ошондой эле кыйноолор, коррупция, терроризм акт, экстремисттик уюмду түзүү - кылмыштары жасалганда эскирүү колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-93)
