# 91-берене. Оорусу боюнча жаза өтөөдөн бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 91-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-91

---

1. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам өкүм чыгарылгандан кийин катуу жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оору менен ооруп калганда, медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде, жазаны андан ары өтөөдөн сот тарабынан бошотулат. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгон адамдын инсандыгын, оорусунун мүнөзүн жана жазанын иш жүзүндө өтөлгөн мөөнөтүн эске алат. Белгилүү убакытка эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам жазанын дайындалган мөөнөтүнүн үчтөн экисинен көбүн (жашы жетелектердин - жарымынан көбүн) өтөгөн болсо, ал эми өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам, эгерде эркиндигинен ажыратуунун жыйырма жылын өтөгөн болсо, оор жана өкүмдү аткарууга тоскоол болгон оорусуна байланыштуу жасаган кылмышынын оордугуна, инсандыгынын мүнөздөмөсүнө жана оорусунун мүнөзүнө карабастан, жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Тиешелүү оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Коомдук иштерге же түзөтүү жумуштарына соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда, сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулат. Эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмү чыгарылгандан кийин билинсе, сот кош бойлуу аялдын коомдук иштер жана түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны андан ары өтөөсүнөн бошотот. Айып салууга соттолгон адам I же II топтогу майып деп таанылган учурда сот тарабынан жазаны андан ары өтөөдөн бошотулушу мүмкүн. Мында сот жасалган кылмыштын оордугун, соттолгондун инсандыгын жана алган майыптуулугун эске алуу менен анын иш жүзүндөгү жазаны аткаруу мүмкүнчүлүгүн эске алат.

2. Эгерде адам өкүм чыгарылгандан кийин жин оорусу менен ооруп калса, анда сот аны врач-психиатрлардын медициналык корутундусунун негизинде ушул Кодекстин 19-главасынын жоболорун жетекчиликке алып, жаза өтөөдөн бошотот.

3. Адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чаралар колдонулган мезгилдин ичиндеги медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуунун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар болгон жаза мөөнөтү катары эсепке алынат.

4. Тартиптик аскер бөлүгүнө жиберүүгө соттолгон аскер кызматчысы андан ары ден соолугунун абалы боюнча аскер кызматына жараксыз деп таанылса, жаза өтөөдөн бошотулат.

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-92)
