# 90-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууда сыноо мөөнөтүн дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 90-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-90

---

1. Жазаны өтөөдө шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулган учурда сыноо мөөнөтү сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып башталат.

2. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга сот жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн чегинде, бирок үч жылдан ашпаган сыноо мөөнөтүн дайындайт.

3. Сот шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга сыноо мөөнөтү ичинде пробация органы тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.

4. Соттолгон адамга көзөмөл белгиленгенде, сот сыноо мөөнөтү мезгилинде ага, ушул Кодекстин 84-беренесинде каралган милдеттерди жүктөй алат.

5. Эгерде соттолгон адам сыноо мөөнөтү ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын сунушунун негизинде соттолгон адамды дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтүү жөнүндө токтом чыгара алат.

6. Соттолгон сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда, сот, ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча ага жаза дайындайт.

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-91)
