# 9-берене. Гуманизм принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 9-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-9

---

1. Ушул Кодекс эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат.

2. Сот кылмыш жасаган адамга аны түзөтүү, ресоциалдаштыруу жана башка жаңы кылмыштарды жасоону алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында жазаны дайындайт. Жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары дене-бойго зыян келтирүүгө же адамдык ар-намысты кемсинтүүгө жатпайт.

3. Ушул Кодекске анда каралган жосундардын жазалуулугун же башка жазык-укуктук кесепеттерин негизсиз күчөтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-10)
