# 88-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 88-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-88

---

1. Ушул Кодекстин 89-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, эркиндигинен ажыратууга же аскер бөлүгүнүн тартиптик бөлүгүндө кармоого соттолгон адамдар сот тарабынан жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

2. Соттолгонго карата шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу төмөндө саналып өткөн шарттардын бардык жыйындысында колдонулат:

1) түзөтүүнүн жана кайра социалдаштыруунун оң натыйжасына жетишкенге;

2) кылмыш аркылуу келтирилген зыяндын жарымынан кем эмесинин ордун толтурганга;

3) тындырылбаган тартиптик жаза чарасы болбогондо;

4) жазаны өтөө мезгилинде эмгекке жана окууга ак ниетинен мамиле кылганга;

5) эгерде алкоголдон, баңгиден, психотроптук же уулануудан көз карандылыгы бар болсо, алардан арылууга дарылануу курсун өтүүгө макулдук бергенге.

3. Шарттуу мөөнөтүнөн мурда жазадан бошотуу соттолгон адам жазасын өтөп жаткан жери боюнча анын өзүнүн жеке арызы боюнча, же болбосо жаза аткаруу мекемесинин администрациясынын сунушу боюнча сот тарабынан колдонулат.

4. Жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу соттолгон иш жүзүндө төмөнкүлөрдү өтөгөндөн кийин колдонулат:

1) анча оор эмес кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде үчтөн эки мөөнөтүн;

2) оор же өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн дайындалган жазанын кеминде төрттөн үч мөөнөтүн, ошондой эле мурда шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга, эгерде аны шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу жокко чыгарылса, дайындалган жазанын төрттөн үч мөөнөтүн.

5. Шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулгандын жүрүм-турумуна көзөмөлдөө пробация органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-89)
