# 83-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 83-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-83

---

1. Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелектин жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.

2. Сот пробациялык көзөмөлдү дайындоодо жабырлануучунун пикирин, эгерде бар болсо, эске алышы мүмкүн.

3. Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөттөрүн эсептеп чыгаруусу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып башталат.

4. Пробациялык көзөмөл белгиленгенде ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.

5. Пробациялык көзөмөлдү белгилөө соттолгон адамга карата жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоочу чараларын (коопсуздук чараларын) колдонуудан бошотпойт.

---

Мурунку берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-82)  
Кийинки берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-84)
