81-берене. Камакта кармоо убактысын жана жазаларды бириктирүү эрежелери
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаларды толук же жарым-жартылай бириктирүүдө эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө төмөнкүлөр барабар болот:
1) түзөтүү жумуштарынын үч күнү;
2) коомдук иштердин сегиз сааты;
3) үй камагынын бир күнү.
2. Түзөтүү жумуштары түрүндө кылмыштардын жыйындысы жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо бул жазалардын мөөнөттөрү гана кошулууга жатат. Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай үлүшүнөн) чегерүүлөрдүн өлчөмү бириктирүүгө жатпайт жана ар бир өкүм боюнча өз алдынча эсептеп чыгарылат.
3. Айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндөгү негизги жазалар кылмыштардын жыйындысы боюнча жана өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо жазанын башка түрлөрү менен бириктирүүгө жатпайт жана өз алдынча аткарылат.
4. Ар кандай түрдөгү кошумча жазалар бардык учурларда өз алдынча аткарылат.
5. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта кармоонун мөөнөтү камактагы бир күн эркиндигинен ажыратылган бир күнгө барабар деп эсептелинет.
6. Эгерде соттук териштирүүгө чейин камакта кармалган адамга негизги жаза катары айып, же болбосо белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, коомдук же түзөтүү жумуштары дайындалса, анда сот камакта кармоонун мөөнөтүн эске алып, ага дайындалган жазаны жеңилдетет же аны өтөөдөн толугу менен бошотот.
7. Эгерде адам жасаган жоругу үчүн соттолбогон болсо же соттолсо, бирок жазаны толук өтөбөсө, андан кийин кылмыш жасаса, сот жорук жана кылмыш үчүн дайындалган жазаларды, эгерде алар бир түрдөгү болсо, жазанын ушундай категориялары учун каралган мөөнөттүн максималдуу чегинде, же болбосо жазанын мындай түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн чектеринде жазаларды кошуп бириктириши мүмкүн. Сот тарабынан кылмыш жана жорук үчүн жазалардын ар кандай түрлөрү дайындалган учурда алар өз алдынча аткарылат.
8. Эгерде адам жасаган кылмышы үчүн соттолбогон болсо же соттолсо, бирок жазаны толук өтөбөсө, андан кийин жорук жасаса, сот жорук жана кылмыш үчүн дайындалган жазаларды, эгерде алар бир түрдөгү болсо, жазанын ушундай категориялары үчүн каралган мөөнөттүн максималдуу чегинде, же болбосо жазанын мындай түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн чектеринде жазаларды кошуп бириктириши мүмкүн. Сот тарабынан кылмыш жана жорук үчүн жазалардын ар кандай түрлөрү дайындалган учурда алар өз алдынча аткарылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-81" title="81-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>