# 80-берене. Күнөөсүн мойнуна алуу же кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда жазаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 80-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-80

---

1. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө адам менен макулдашуу түзүлгөн учурда, сот ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндөгү конкреттүү берененин (берененин бөлүгүнүн) санкцияларында каралган жазанын минималдуу өлчөмүнүн чектеринде эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындайт. Санкцияларда эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалар беренеси болбогон учурда, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн конкреттүү беренесинде (берененин бөлүгүндө) каралган санкциялардан бир категорияга төмөн дайындалат.

2. Күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө адам менен макулдашуу түзүлгөн учурда пробациялык көзөмөл колдонулбайт.

3. Кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүлгөн учурда, сот ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган жазалардын түрүнө ылайык кызматташуу жөнүндө макулдашууда каралган жазаны дайындайт.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-81)
