# 79-берене. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 79-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-79

---

1. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо сот акыркы өкүм боюнча дайындалган жазага мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн жарым-жартылай же толугу менен кошот.

2. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жазанын мөөнөтү же өлчөмү, эгерде ал эркиндигинен ажыратууга караганда жеңилирээк болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган максималдуу мөөнөттөн жана өлчөмдөн ашпоого тийиш.

3. Өкүмдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жаза кайрадан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жаза катары, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгү катары көбүрөөк болууга тийиш.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жана башка кандай гана болбосун катуураак эмес жазаларды кошкондо, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган жазанын жалпы мөөнөтү катуураак эмес жазаларды өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасына сиңирүү жолу менен аныкталат.

5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө эки же андан ашык жазалар дайындалган учурда ал бир жолу өтөлөт.

6. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазалардын кошумча түрлөрүн бириктирилиши ушул Кодекстин 66 жана 68-беренелеринде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-80)
