# 76-берене. Кылмышка даярдык көргөндүгү жана кылмышка аракеттенүү үчүн жазаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 76-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-76

---

1. Сот аякталбаган кылмышка жазаны дайындоодо кылмыштуу ниетти ишке ашыруу даражасын жана аны аягына чыгарбаган себептерди, ошондой эле күнөөлүү жасаган жосундун мүнөзүн эске алат.

2. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн жарымынан ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын минималдуу мөөнөтү же өлчөмү жазанын ушул түрүнүн ушул Кодексте каралган минимумунан аз болбоого тийиш.

3. Кылмышка аракеттенүү үчүн жазанын мөөнөтү же өлчөмү аякталган кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн максималдуу мөөнөтүнүн же өлчөмүнүн төрттөн үчүнөн ашык болбоого тийиш. Мында бул жазанын минималдуу мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын ушул түрүнүн минимумунан аз болбоого тийиш.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу кылмышка даярдык көргөндүгү же кол салгандыгы үчүн дайындалбайт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-77)
