# 75-берене. Жазаны оордотуучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 75-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-75

---

1. Жазаны дайындоодо төмөнкүлөр жазаны оордотуучу жагдайлар деп таанылат:

1) адамдардын тобу же адамдардын тобу тарабынан сүйлөшүүлөр боюнча кылмыш жасоо;

2) кылмышты расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык касташуунун (араздашуу) айынан жасоо;

3) кылмыш аркылуу оор зыян келтирүү;

4) жаш бала, жашы жетелек экендигин, майып экендигин, карыган адам же алсыз абалдагы адам экендигин билип туруп, аларга карата кылмыш жасоо;

5) аялдын кош бойлуу экендигин билип туруп, күнөөлүү тарабынан ага карата кылмыш жасоо;

6) күнөөлүүдөн материалдык, кызматтык же башка көз карандылыкта болгон адамга карата кылмыш жасоо;

7) жин оорусунун, убактылуу психикасынын бузулушунун, акыл-эси кемдигинин же психикасынын оорулуу абалынын айынан өзүнүн аракетин (аракетсиздигин) биле албаган же жетектей албаган адамды кылмыш жасоого азгыруу (шыкактоо), ошого тете мындай адамды кылмыш жасоо үчүн пайдалануу;

8) жабырлануучуга өзгөчө мыкаачылык менен кылмыш жасоо;

9) өзгөчө кырдаал же согуштук абал шарттарында же коомдук кырсыктын шарттарында кылмыш жасоо;

10) жалпыга коркунуч келтирген ыкма менен кылмыш жасоо;

11) мас абалындагы адам тарабынан кылмыш жасоо. Сот кылмыштын мүнөзүнө жараша бул жагдайды жазаны оордотуучу жагдай катары тааныбай коюуга укуктуу.

2. Сот жазаны дайындоодо ушул Кодексте көрсөтүлбөгөн жагдайларды жазаны оордотуучу жагдайлар деп таанууга мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-76)
