# 74-берене. Жеңилдетүүчү жагдайлардын жыйындысында жазаны дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 74-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-74

---

1. Эгерде адам кылмыш жасагандан кийин анын бетин ачууга активдүү көмөк көрсөтсө, келтирилген мүлктүк залалды жарым-жартылай же толугу менен ордун толтурса, же болбосо жымсалдаса, анда болбогон оордотуучу жагдайларда, жазанын мөөнөтү жана өлчөмү бул кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) каралган жазанын катуураак түрүнүн өлчөмүнөн же максималдуу мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүнөн ашык болбоого тийиш. Мында ошол жазанын минималдуу мөөнөтү же өлчөмү ушул Кодексте каралган жазанын бул түрүнүн минимумунан аз болбоого тийиш.

2. Ушул берененин жоболору кылмыштардын жыйындысында колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-75)
