# 72-берене. Жазаны дайындоонун жалпы башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 72-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-72

---

1. Сот жазаны кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралуучу ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.

2. Жазаны дайындоодо сот жазанын алдын алуучу максаттарын эске алуу менен жосун күнөөнүн даражасына жана келтирилген зыяндын даражасына жараша жазанын шайкеш келүүсүн эске алуусу зарыл.

3. Ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган жазанын катуураак түрү качан жазанын жеңилирээк түрү максатка жетүүнү камсыз кыла албаган учурда гана дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде адам жазык жоопкерчилигине тартылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) кылмыштын курамы катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдайлар каралса, анда бул жагдайлар жазаны дайындоодо көңүлгө алынбайт.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-73)
