# 71-берене. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 71-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-71

---

1. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгон адамды жазык аткаруу тутумунун мекемелерине жөнөтүү жолу менен коомдон мажбурлап обочолонууну билдирет жана эгерде сот белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууну колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, ушул Кодекстин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө, 161-беренесинин 4-бөлүгүндө, 162-беренесинин 4-бөлүгүндө, 239-беренесинин 3-бөлүгүндө, 380, 381, 383, 384, 386-беренелеринде, 389-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгиленет.

2. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ушул Кодекстин тиешелүү беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында атайын каралган учурларда гана дайындалат.

3. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу аялдарга, он сегиз жашка чейинки куракта кылмыш жасаган адамдарга, кылмыш жасаган учурда алтымыш жашка чыккан эркектерге дайындалбайт.

4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде жыйырма жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-72)
