# 68-берене. Айып пул

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 68-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-68

---

1. Айып пул - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте акча түрүндө сот тарабынан дайындалуучу жаза.

2. Айып пулдун эсептик көрсөткүч менен эсептелет.

3. Айып пулдун өлчөмү боюнча алты категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 200дөн 400 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 600дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 400дөн 600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 1000ден 1400 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

3) III категория: жашы жетелектер үчүн - 600дөн 800 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 1400дөн 1800 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 1800дөн 2200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

5) V категория: жашы жетелектер үчүн - 1000ден 1200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 2200дөн 2600 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

6) VI категория: жашы жетелектер үчүн - 1200дөн 1400 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн - 2600дөн 3000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин.

4. Айып кошумча жаза катары сот тарабынан ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренелеринде каралган учурларда гана дайындалат жана тиешелүү категориядагы акчалай айыптын өлчөмүнүн жарымынан ашык эмес өлчөмүндө колдонулат.

5. Адам негизги жаза катары дайындалган айыпты бир айдын ичинде төлөбөгөн учурда айып пулдун суммасы эки эсеге өсөт. Айып пулду андан ары эки айдан ашык мезгилдин ичинде төлөөдөн качкан учурда, сот айып пулду ошол адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган мөөнөттүн чегинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырат. Эгерде ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында эркиндигинен ажыратуу каралбаса, анда сот айып пулду I категориядагы эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырат.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-69)
