# 64-берене. Кылмыш үчүн жазанын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 64-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-64

---

1. Кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган адамдарга сот тарабынан негизги жазанын жеңилирээгинен катуураагына чейинки градациядагы түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

1) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган:

а) коомдук иштер;

б) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу;

в) түзөтүү жумуштары;

г) айып.

Мында, түзөтүү жумуштарынын жана айыптын салыштырмалуу катуулугу алардын конкреттүү өлчөмү менен аныкталат;

2) коомдон обочолонтуу менен байланышкан:

а) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо;

б) эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу;

в) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.

2. Сот тарабынан төмөнкүлөр кошумча жаза катары колдонулушу мүмкүн:

1) кызматтык абалын же кызматтык абалда берилген мүмкүндүктөрдү пайдалануу менен кылмыш жасалган учурда - атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу;

2) оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда - мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу.

Эгерде тиешелүү наам, чен, же болбосо сыйлык кызматтык жасалмачылыктын же башка кылмыштын натыйжасында ыйгарылса, адам ошондой эле сот тарабынан атайын, аскердик, ардак наамдарынан, дипломатиялык рангынан, класстык чендеринен, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат. Айып жана белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу негизги гана эмес кошумча жаза катары да колдонулушу мүмкүн.

3. Бир кылмыш үчүн ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкцияларында каралган негизги бир гана жаза дайындалат. Негизги жазага ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте бир же бир нече кошумча жаза кошулушу мүмкүн.

4. Адамдын өлүмүнө алып келген кылмыштар үчүн негизги жаза катары коомдук иштер, түзөтүү жумуштары, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, ошондой эле айып мыйзамда белгиленбейт жана сот тарабынан колдонулбайт.

5. Жазанын түрлөрү ушул Кодекске карата баяндалган 2-тиркемедеги эрежелерге ылайык катуулук даражасы боюнча өз ара байланышта болот.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-65)
