# 62-берене. Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527#diff=1186179..1186180>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 62-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-62

---

1. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, ал жазык жоопкерчилигинен бошотулат:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш жасаган учурда;

2) жети жыл - оор кылмыш жасаган учурда;

3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, ошондой эле, эгерде кылмыш уюшкан топтун, кылмыштуу уюмдун курамында жасалса.

2. Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра улантылат. Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып он беш жыл өтсө, мында адам жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөр өткөнгө чейин адам кайра жаңы кылмыш жасаса, эскирүүнүн өтүшү үзгүлтүккө учурайт. Мында эскирүү мөөнөтүнүн эсеби жаңы кылмыш жасалган күндөн тартып кайтадан башталат. Мында эскирүү мөөнөтү ар бир кылмыш үчүн өзүнчө эсептелет.

4. Мыйзамга ылайык өмүр бою эркиндигинен ажыратуунун дайындалышы мүмкүн болгон өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата эскирүүнү колдонуу жөнүндө маселе сот тарабынан чечилет. Эгерде сот эскирүүнү колдонуу мүмкүндүгүн таппаса, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалышы мүмкүн эмес жана он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылат.

5. Эгерде иммунитетке ээ болгон адамга карата жазык иши козголсо жана ал иммунитеттин болгонуна байланыштуу токтотулуп турса, анда эскирүү мөөнөтү токтотула турат.

6. Ушул Кодекстин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө, 143-беренесинде, 161-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 4-бөлүгүндө, 162-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда жана 4-бөлүгүндө, 239-беренесинде, 314-беренесинде, 319-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 320-беренесинин 4-бөлүгүндө, 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда, 380-390, 392 жана 393-беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-63)
