55-берене. Атайын тапшырманы аткаруу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Уюшкан топко же болбосо кылмыштуу уюмга катышып, алардын кылмыштуу ишин алдын алуу же бетин ачуу максатында атайын тапшырманы аткарган адамдын укук менен корголгон кызыкчылыктарга аргасыздан зыян келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адам уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу уюмдун курамында адамдын өлүмүнө, оор зыянга алып келген оор же өзгөчө оор кылмышты атайылап жасагандыгы үчүн гана жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.
3. Сот, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурда, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындай албайт. Мындай адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза чоң мөөнөткө, ушул кылмыш үчүн мыйзамда каралган эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтүнүн жарымынан көп мөөнөтүнө дайындалышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
55-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-55" title="55-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>