# 54-берене. Негизделген тобокелдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 54-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-54

---

1. Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн негизделген тобокелдик болгондо укук корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүү кылмыш болуп саналбайт.

2. Эгерде жасалган жосун заманбап илимий-техникалык билимдерге жана тажрыйбага туура келсе, коюлган максат тобокелдик менен байланышпаган аракеттерден улам жетүүгө мүмкүн болбогондо жана мында тобокелдикке жол берген адам укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүүнү болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негизделген деп саналат.

3. Эгерде тобокелдик алдын ала билип туруп, адамдардын өлүмү, экологиялык кыйроо коркунучу, же болбосо башка оор кесепеттердин башталышы менен коштолсо, тобокелдик негизделген деп таанылбайт.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-55)
