# 52-берене. Кылмыш жасаган адамды кармоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 52-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-52

---

1. Жазык-укукка каршы кол салуу (кылмыш же ушул Кодекске ылайык курагына, акыл-эси жайында эместигине же башка жагдайларга байланыштуу жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болбогон адамдын укукка каршы жосуну) жасаган учурда же ал түздөн-түз жасагандан кийин кармалганда, эгерде алар кармалганды бийлик органдарына берүү максатында жасалса жана эгерде мындай адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүнчүлүк болбогондо жана мында кармоо чараларынын кармалган адам тарабынан жасалган жазык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына анык ылайык келбегендигине жол берилбесе, жабырлануучунун же башка адамдардын ошол адамга зыян келтирген аракеттери кылмыш болуп саналбайт.

2. Кармоо каражаттарынын жана усулдарынын кармалган адам жасаган жазык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордугунун даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына анык ылайык келбегендиги, анын айынан адамга кармоонун зарылдыгы талап кылбаган зыян атайылап келтирилсе, ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардан аша чабуу ушул Кодекстин 132- жана 140-беренелеринде каралган учурларда гана кылмыш үчүн жоопкерчиликке алып келет. Мында, этиятсыздыктан зыян келтирүү жоопкерчиликке алып келбейт.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-53)
