# 51-берене. Күч колдонуу же психикалык мажбурлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 51-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-51

---

1. Түздөн-түз күч колдонуп, адамды мажбурлоонун таасиринде жасалган, анын айынан өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) жетектей албай калган адамдын укук коргоочу кызыкчылыктарга зыян келтирген аракети же аракетсиздиги кылмыш болуп саналбайт.

2. Психикалык жана (же) күч колдонуп мажбурлоонун натыйжасында, адам өзүнүн аракеттерин жетектөө мүмкүндүгүн сактаса, укук коргоочу кызыкчылыктарга зыян келтиргендиги үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе ушул Кодекстин 50-беренесинин жоболорун эске алуу менен чечилет.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-52)
