# 50-берене. Аргасыз зарылдык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 50-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-50

---

1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда, ушул адамдын же башка адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун, мамлекеттин жана адамзаттын кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн, эгерде ошол жагдайларда бул коркунучту башка каражаттар менен жоюуга болбосо жана алдын алгандагы зыянга караганда келтирилген зыян анча олуттуу эмес болсо, укук менен корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүүсү кылмыш болуп саналбайт.

2. Эгерде коркунучтун алдын алууга ак ниеттүүлүк менен умтулган адамдын аракетине карабастан, коркунучту алдын алуу максатында жасалган аракеттери өзүнүн максатына жетпей калган жана зыян келтирилген учур дагы аргасыз зарылдык абалы деп таанылат.

3. Келтирилген коркунучтун тиешелүү мүнөзүнө жана даражасына, коркунуч жоюлган жагдайларга ачыктан ачык туура келбеген зыянды атайылап келтирүү, алдын алынган зыянга тең же андан кыйла олуттуу зыян аталган кызыкчылыктарга келтирилсе, аргасыз зарылдыктан аша чабуу деп таанылат. Мында этиятсыздыктан зыян келтирүү жазык жоопкерчилигине алып келбейт.

4. Адам эгерде келтирилген коркунучтуу кооптуулуктан улам катуу толкундоого алдырып, келтирилген зыяндын ошол коркунучка туура келүүсүн баалай албаса, аргасыз зарылдыктан аша чапкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-51)
