# 49-берене. Зарыл коргонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 49-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-49

---

1. Кол салган адамга, эгерде коргонуучу же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен бул кол салуу коштолсо, коргонуучу же башка адамдардын инсандыгын, мүлкүн жана укуктарын, коомго коркунуч келтирген кол салуудан коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголуучу кызыкчылыктарын коргоодо, башкача айтканда, зарыл коргонуу абалда келтирилген зыян кылмыш деп саналбайт.

2. Эгерде мында зарыл коргонууда чегинен аша чаап кетүүгө, башкача айтканда, кол салуунун мүнөзүнө жана коркунучтуулугуна туура келбеген атайылап жасалган аракеттерге жол берилбесе, коргонуучунун же башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен, же болбосо мындай зомбулукту түздөн-түз колдонуу коркунучу менен коштолбогон кол салуудан коргонуу, ошондой эле бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу үчүн кол салуудан коргонуу укук ченемдүү болуп саналат.

3. Зарыл коргонуу чектеринен аша чаап кетүү деп, кол салуунун мүнөзүнө жана коомго коркунуч келтирген даражасына анык ылайык келбеген коргонуунун, анын натыйжасында кол салуучуга жагдай талап кылбоочу, ашыкча, оор зыян келтирүү таанылат.

4. Эгерде бул адам күтүлбөгөн кол салуунун айынан кол салуунун коркунуч келтирүү даражасына жана мүнөзүнө калыс баа бере албаганда, коргонуучу адамдын аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу деп саналбайт. Мында күтүлбөгөн кол салууга байланыштуу, же болбосо этиятсыздык себебинен улам кол салуучу адамдын денесине жаракат келтирүү, анын ичинде аны өлүмгө дуушар кылуу жазык жоопкерчилигине алып келбейт.

5. Коргонуучу адамдын турак жайында мыйзамдуу негиздерде жашап жаткан (болгон) адамдардын эркине каршы жасалган, кол салган адамдардын мыйзамсыз жана зомбулук менен алардын турак жайына кирип келүүсүнөн, коргонууда кол салуучунун денесине жаракат келтирген, анын ичинде анын өлүмүнө дуушар кылган аракеттери зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп саналбайт.

6. Кол салуучуга келтирилген зыяндын оордугуна карабастан, куралды же ар кандай башка каражаттарды, же болбосо төмөнкүлөр үчүн куралды колдонуу да зарыл коргонуу чектеринен аша чабуу болуп саналбайт жана жазык жоопкерчилигине алып келбейт:

1) куралчан адамдын кол салуусунан коргонуу;

2) топтук кол салуудан коргонуу.

Ушул беренеде топтук кол салуу деп, кош бойлуулугу айкын көрүнүп турган аялдардын, же болбосо жаш балдар экени айкын көрүнүп турган адамдардын кол салуусун кошпогондо, эки же андан ашык адамдардын кол салуусу эсептелет.

7. Ушул берененин жоболору алардын кесиптик же башка атайын даярдыгына жана кызмат абалына карабастан, ошондой эле коомго коркунуч келтирген кол салуудан качуу же башка адамдарга же бийлик органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө карабастан, бардык адамдарга тең мерчемде жайылтылат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-50)
