# 48-берене. Кылмышка кошо катышуучуларынын ыктыярдуу баш тартуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 48-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-48

---

1. Аткаруучу (кошо аткаруучу) кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тарткан учурда, ушул Кодекстин 40-беренесинде каралган шарттар болгондо, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатпайт. Мында башка кошо катышуучулар аткаруучу жасоодон ыктыярдуу баш тарткан ошол кылмышка даярдык көргөндүгү же ошол кылмышка аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Уюштуруучу, шыкакчы же көмөкчү ыктыярдуу баш тарткан учурда, эгерде алар кылмыш жасоону болтурбаса же даярдалып жаткан же жасалуучу кылмыш тууралуу тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына өз убагында кабарласа, жазык куугунтугуна алынбайт. Ошондой эле көмөкчүнүн ыктыярдуу баш тартуусу деп кылмыш жасоого каражаттарды же куралдарды бербегендиги, же болбосо кылмыш жасоодогу тоскоолдуктарды четтетбегендиги болуп саналат.

3. Кошо катышуучулардын кимдир-бирөөсү ыктыярдуу баш тарткан учурда аткаруучу кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмышка аракеттенүү үчүн, анын жосуну бул стадиялардын кайсынысында үзгүлтүккө учураганына жараша жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-49)
