# 46-берене. Уюшкан топтун жана кылмыштуу уюмдун уюштуруучуларынын жана катышуучуларынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 46-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-46

---

1. Уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту (кылмыштуу уюмду) түзгөн, же болбосо аларга жетекчилик кылган адам уюшкан топ же кылмыштуу уюм тарабынан жасалган кылмыштардын бардыгы үчүн, эгерде алар анын ниетин камтыган болсо, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу уюмдун башка кошо катышуучулары даярдык көрүүгө же жасоого кошо катышкан кылмыштары үчүн кылмышта ар биринин аткарган ролуна карабастан, эгерде аларда анын ниети болсо жана уюшкан топту же кылмыштуу топту түзүү максатынын алкагына кирсе, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында, же болбосо кызыкчылыгында жасалган кылмыштарды квалификациялоонун атайын эрежелери ушул Кодекстин 24-беренесинде белгиленген.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-47)
