# 45-берене. Адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 45-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-45

---

1. Адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу жасаган кылмыштын аткаруучусу жана башка кошо катышуучулары биргелешкен укукка каршы жосунда алардын жеке күнөөлөрүнүн негизинде гана, алардын ар биринин кылмыш жасоого катышуусунун мүнөзүн жана даражасын эске алуу менен жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Аткаруучу (кошо аткаруучу) алар тарабынан жасалган кылмыш каралган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) боюнча жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Уюштуруучу, шыкактоочу жана көмөкчү, аткаруучу тарабынан жасалган кылмыш каралган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренеси (беренесинин бөлүгү) жана 43-беренесинин тиешелүү бөлүгү боюнча, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

4. Аткаруучу аякталбаган кылмышты жасаган учурда башка кошо катышуучулар аякталбаган кылмышка катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

5. Кылмыш жасоого анын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча башка адамдарды көндүрө албаган адам кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-46)
