# 44-берене. Кылмышка кошо катышуу формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 44-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-44

---

1. Сүйлөшүүлөрсүз эки же андан көп адам биргелешип кылмыш жасаган адамдардын тобу деп саналат.

2. Мурда, башкача айтканда кылмыш жасоону баштаганга чейин аны биргелешип жасоо жөнүндө сүйлөшүп алган жана биргелешип кылмыш жасаган эки же андан көп адам сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу болуп саналат.

3. Уюшкан тобу деп төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ саналат:

1) бир нече адамдан турган (үч жана андан көп);

2) ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө сүйлөшүүлөрү болгон;

3) туруктуу бирикме болуп саналган;

4) максаты бир же бир нече кылмышты жасоо болуп саналган;

5) иш-милдеттер катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

4. Кылмыштуу уюм деп төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ саналат:

1) бир нече адамдан турган (төрт жана андан көп);

2) ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө сүйлөшүүлөрү болгон;

3) туруктуу жана иерархиялык бирикме болуп саналган;

4) максаты болуп бир нече оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо саналган;

5) иш-милдеттер катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-45)
