# 43-берене. Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 43-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-43

---

1. Аткаруучулар менен катар эле уюштуруучулар, шыкакчылар жана көмөкчүлөр кылмышка кошо катышуучулар деп таанылат.

2. Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат.

3. Кылмыш жасоого башка кошо катышуучуну көндүргөн адам шыкактоочу деп таанылат.

4. Билип туруп, башка кошо катышуучулар тарабынан кылмыштын жасалышына кеңештерди, көрсөтмөлөрдү, каражаттарды берүү, же болбосо тоскоолдуктарды жоюу аркылуу көмөк көрсөткөн адам, ошого тете кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын, же болбосо каражатын, кылмыштын изин, же болбосо кылмыш жолу менен алынган предметтерди жашырууга, мындай предметтерди сатып алууга, же болбосо сатып өткөрүүгө же башка ыкма менен кылмышты жашырууга көмөк көрсөтүүгө алдын ала убада берген адам көмөкчү деп таанылат.

5. Мурда убада бербестен кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын же болбосо каражаттарын, кылмыш изин же болбосо кылмыш жолу менен алынган предметтерди же мындай предметтерди сатып алууну, же болбосо сатып өткөрүүнү жашыруу кошо катышуу болуп саналбайт. Бул жосундарды жасаган адамдар ушул Кодекстин 348-беренесинде каралган учурларда гана жазык жоопкерчилигине тартууга жатат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-44)
