# 393-берене. Согуш аракеттеринин убагында кылмыштуу аракетсиздик, же болбосо кылмыштуу буйрук берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 393-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-393

---

1. Согуш аракеттеринин убагында баш ийген адамдардын ушул Кодекстин 382, 387, 390-беренелеринде каралган кылмыштарды даярдоосун болтурбоо же аларды жасоосуна бөгөт коюу үчүн начальниктин же башка кызмат адамынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде бардык мүмкүн болгон чараларды көрбөгөндүгү, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Согуш аракеттеринин мезгилинде эч кимди тирүү калтырбоо тууралуу өзүнө баш ийген адамга начальниктин же башка кызмат адамынын буйрук берүүсү же ушул Кодекстин 382, 387, 390-беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого багытталган билип туруп кылмыштуу буйруктарды же тескемелерди берүү, -

VI категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

---

Мурунку берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-392)  
Кийинки берене: [394-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-394)
