# 39-берене. Кылмышка аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111527)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 02.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-30/edition/1186172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111527/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, 39-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-39

---

1. Адам ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү беренесинде каралган кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган жосунду (аракетти же аракетсиздикти), эгерде мында кылмышты анын эркине баш ийбеген себептер боюнча аягына чейин чыгарбаса, тикелей ниеттенүү менен жасоосу кылмышка аракеттенүү деп таанылат.

2. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди аткарса, бирок анын эркине баш ийбеген себептер боюнча кылмыш аягына чыгарылбаса, кылмышка аракеттенүү аякталган болуп эсептелет.

3. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди, өзүнүн эркине баш ийбеген себептер боюнча жасабаса, кылмышка аракеттенүү аякталбаган деп саналат.

4. Кылмышка аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилиги, ушул беренеге шилтеме кылып, аякталган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган ушул Кодекстин тиешелүү беренеси боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111527/st-40)
